Чүйдүн Кегети капчыгайында калың кардын кесепетинен калып кеткен чабандарга жылынуучу жай уюштурулуп, ылдый түшүп бараткан чабандарга ысык тамак берилип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жеринде ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы майор Азис Эгембердиев жетектеген ыкчам топ иш алып барууда.  

Эскерте кетсек, 13-сентябрь күнү 9 чабан мал жандыктары менен Шамшы жайлоосунда дайынсыз калгандыгы айтылган. Жерине саат 20:00дө Кегети капчыгайы аркылуу Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жайыт комитетинен 1 адам чыгып кетишкен. 14-сентябрь ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгыны тарабынан 1 даана 10 орундуу чатыр тургузулуп, Ысык-Ата айыл аймагы тарабынан ысык тамак берилүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: