8-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында Ала-Бука районунун тургуну 1985-ж.т. Т.И. өзүнүн оор жүк ташуучу автоунаасы менен Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында бараткан учурда, өзүнө бейтааныш эки жаран жеңил автоунаасы менен алдынан эч себепсиз тосуп токтотушкан. Алардын бири өзүн “Болот” деп тааныштырып ушул жолдо жүргөнү үчүн 10 000 сом бересиң деп опузалап коркутушуп, автоунааны 3-4 саат жолдо кармап турушкан.

Бул факты “Опузалап талап кылуу” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад ОИИБнин жана Чаткал РИИБнин тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматы ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында мурда үч жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген “Басмач” каймана аттуу Чаткал районунун тургуну 1989-ж.т. У.Б. жана анын кылмыштуу шериги 1997-ж.т. С.Днын жүргөн жерлерин аныктаган.

Кылмышка шектүүлөр 2 айга камакка алынып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жоктугу териштирилүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: