Чыныбай Турсунбеков: Текебаев оозунан туура эмес сөз чыгып кеткендигин мойнуна алды (видео)

112

Өмүрбек Чиркешович экөөбүздүн ортобузда сөз болду. Оозунан туура эмес сөз чыгып кеткендигин ал мойнуна алды. Ал киши өзүнө байланыштуу менин позициямды жакшы билет“,-деп белгилейт Чыныбай Турсунбеков.

Өмүрбек Текебаевдин Чыныбай дос эмес белек. Колдоп койгула” деген сөзүнө бүгүн 14-сентябрда Чыныбай Турсунбеков Элдик Медиага маек куруп жатып, жооп берди.

Депутат ошондой эле айрым эл өкүлдөрүнүн арачылыгы менен Текебаев экөө жолуккандыгын, анда “Ата Мекен” партиясынын лидери эмоцияга алдырып айтып койгонун билдирет.

Эске салсак, 2-сентябрда Өмүрбек Текебаев Жалал-Абаддын Акман айылында тарапкерлери менен жолуккан маалда парламенттеги санаалаш деп саналган депутаттар өз позициясын айтпай койгонун билдирген.

” 2016-жылы Атамбаев менен чабышып жаткан учурда бизге эптеп шылтоо таап камасам дегени белгилүү болгон. Ошондо мен трибунадан сөз сүйлөп жатканда “Иса мурда чогуу болбодук беле, ай Чыныбай дос эмес белек. Колдоп койгула”, – деп кайрылгам. Алардын бири да туура эмес болуп жатат деп айткан эмес”, – деген Текебаев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь