Казакстандын борбор шаарында 28 жаштагы жигит Нур-Султан көпүрөсүнөн секирип жанын кыюуга аракет кылды. Бирок ыкчам куткаруу кызматы жигитти куткарып калганын казак басыламалары жазды.

Куткаруу учурундагы видеодо, жигитти көпүрөдөн түшүүнү суранып, бардыгы жакшы болорун айтышууда. Окуя 12-сентябрда болгон.

Жанын кыюуга аракет кылган жаран турмушта оор кырдаалга кабылганын, каражат маселесин чечүүгө мүмкүн болбой калганын журналисттерге айтып берген.

1991-жылы туулган жаран жумушсуз калып, бир нече насыялары төлөнбөй аргасыздан жанын кыюуга барганын билдирген.

Маалым болгондой Нур-Султандык жигит административдик жазага тартылышы мүмкүн.

Хотел спрыгнуть с моста из-за того, что не дают соцжилье

В Нур-Султане отец двоих детей залез на мост и угрожал спрыгнуть. Он требовал встречи с акимом, говоря, что денег на съемное жилье у него нет, а очередь на социальное жилье в последние годы не движется

Опубликовано Настоящее время. Азия Четверг, 12 сентября 2019 г.