Бишкек шаарынын Москва менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде унаа сүзүп кеткен 27 жаштагы кыздын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып “Баракелде” жазды.

Министрликтин маалыматы боюнча, ал Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Анын баш сөөгү сынып, мээси жабыркаган.

ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 16-сентябрда саат 14:10 чамасында болгон. К.А. аттуу айдоочунун башкаруусундагы «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа Шопоков көчөсү менен түндүк тарапка баратып, №51 үйдүн жанында жөө жүргүнчүнүнү сүзүп кеткен.

Унаа айып короого киргизилип, топтолгон материалдар ШИИБдин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0