Бишкек шаарында 15-сентябрда «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы алгачкы эл аралык кайрымдуулук марафону өттү. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баш болгон бир катар эл өкүлдөрү катышты. Иш-чарада шаар тургундары, спортчулар Бишкектин түштүк бөлүгүнөн Манас көчөсү менен Ала-Тоо аянтына чейин чуркап өтүштү.

1, 5, 14 жана 21,1 чакырым аралыктагы жарыш уюштурулуп, жеңгендерге эстелик медалдар ыйгарылды. Анын ичинен 1 чакырымдагы аралык тилектештик жарышы деп аталып, бардык катышуучулар ак илбирсти коргоо чакырыгынын алкагында жарышты. Ал эми даярдыгы мыкты жөө күлүктөр узун аралыктарда күч сынашты.

Марафондун байге фонду 4,5 миллион сомду түздү. Топтолгон каражаттын 50 пайызы Ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык фондго жана “Ала-Арча” жаратылыш паркына кошумча фото капкандарды сатып алууга жумшалат.

Белгилей кетсек, марафонго Жогорку Кеңештин депутаттары Бакирдин Субанбеков, Тынчтыкбек Конушбаев, Бактыбек Турусбеков жана парламенттик Аппараттын бир катар кызматкерлери катышты.