Талас облусунда бүгүн, 16-сентябрда биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары башталды.
Оюндун маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар жана башкалар – «Манас Ордо» комплексинин аймагында, ал эми спорттук ат оюндары Р. Алканов атындагы ат майданда, күрөштүн түрлөрү боюнча – «Газпром» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.
Программага ылайык, Р. Алканов атындагы ат майданда бүгүн саат 16:00дө көк бөрү боюнча мелдеш башталып, анда Ош жана Нарын облусунун командалары беттешет. Көк бөрү боюнча жалпысынан 9 команда оюн көргөзөт: 7 облус жана Бишкек, Ош шаарлары.
Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда 16-21-сентябрга чейин өтөт.