28-августта Ахунбаев жана Курчатов көчөсүнүн кесилишинде сабалгандардын бири бүгүн ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Элдик Медиага билдирди.

Жабырлануучу 14 күн Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүндө дарыланды.

Ал эми экинчи жабырлануучу жаак-сөөк хирургия бөлүмүндө жатат. Азырынча ага операция жасала элек, абалы туруктуу.

Белгилей кетсек, Жал кичирайонунда 2 жигитти аёосуз сабагандар эки айга камакка алынган. Учурунда бул окуяга тийиштүү чара көрбөгөндүгү үчүн бир катар милиция кызматкерлери жазаланды.