Улгайган аялды “сасып жатасың” деп троллейбустан түшүрүп салган айдоочу иштен алынды. Шаардык троллейбус башкармалыгынан билдиргендей, бул окуя боюнча комиссия иш жүргүзгөн.

Анда №11 троллейбустун айдоочусу А. Берикбаев чоң энеге башка жүргүнчүлөр арызданганынан улам коомдук транспорттон чыгарууга мажбур болгонун айткан.

Комиссиянын жыйынтыгы менен Берикбаев Эмгек Кодексинин 83-беренеси менен жумуштан кетирилди.  Мындан тышкары аталган маршруттун башчысына катуу сөгүш берилди.