Түштү Африкада соңку убактарда аялдарга карата зордук-зомбулук кескин өстү. Жакында эле бир мектеп окуучусу зордукталып, башка жерде университеттеги студент өлгүчө сабалганы жаңылыктардын башында турду.

Үрөй учурган окуялардан кийин жергиликтүүлөр көчөгө чыгып, өкмөттөн өлүм жазасын кайтарып келүүнү талап кылышууда. “Твиттер” коомдук сайтында #AmINext campaign же “Эмкиси мен боломбу” деген өнөктүк башталды. Өлүм жазасын кайтарып келүү петициясына 500 миңден ашуун киши кол койду.

Түштүк Африканын президенти күнөлүүлөр жоопко тартылат деп убада берди. Ошондой эле бийлик сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн ар түрдүү чараларды тез арада ишке ашырмакчы.

37 жаштагы Сара Мидглей он жыл мурун зордукталган. Азыр фотограф болуп иштеген тургун эки баланын энеси жана үрөй учурган окуядан кийин дагы деле психологиялык жардам алат.

Ал башынан өткөнүн Би-Би-Синин Африка кызматына төкпөй-чачпай айтып берди.

2010-жылы мурда сүйлөшүп жүргөн жигитим мени зордуктаган. Ал учурда Түштүк Африкада дүйнөлүк футбол чемпионаты өтүп жаткан эле.

Мурдагы жигитим 18 ай бою мени сабап жүрдү, көп жолу кетем деп айттым, бирок кетип калуудан коркчумун. Анткени кетем десем эле кол көтөрүп, мени тепкилеп кирчү. Айрым учурда муунтуп, тиштеп, бир учурда ток менен дагы кыйнады.

Эң коркунучтуусу, “кетип калсаң кызыңды зордуктайм, аны өлтүрүп салам” деп коркутчу.

Жигитимдин жаман мамилеси тууралуу эч кимге билгизген жокмун. Бир четинен уялчумун, экинчи жагынан ким жардам бере алмак эле деп ойлодум. Ошентип отуруп жакындарымдан, досторумдан айрылдым, обочодо калдым.

Мурдагы күйөөм менен ажырашып, ушул жигитке жолуккам. Өзүмө болгон ишеним абдан төмөн эле, ошол учурда сүйлөшкөн жигитим “сен кимге керек элең, эч кимге керегиң жок” деп мени ишендирди.

Бир күнү чыдабай качып кеттим. Ал он күндүн ичинде эле мени таап алды. Аны эшигимдин алдынан көргөндө калтырап гана турдум.

Ал кыйкырган жок, жаман сүйлөгөн жок. Бир гана 25 чакырым аралыкта жашаган байкесинин үйүнө жете албай жатканын, акчасы жок болуп жатканын айтты. Жеткирип койсоң эле башка сага жолобойм деп алдады. Кантип ага ишендим…аны жеткирүүгө макул болдум. Унаама отургузуп, шаардын четине чыктым.

Мени зордуктап кеткенден кийин көп жылдар бою өзүмдү күнөөлөп жүрдүм. Кантип эле мени жөн койсун, кантип ага ишендиң деген суроолор мени жеп салды.”

“Унаада баратканда анын тынсызданып турганын байкадым. Бирок ал баңгизатка көнүп калган эле, ошону үчүн кыйналып жатат го деп ойлодум. Жаңы сүйлөшүп баштаганда анын баңгизат колдонгонун билген эмесмин.

Ага байкесинин үйүнө чейин барбайм деп айттым, жакындаганда артка кайрылам дедим. Ошондо ал “мен айтканда артка кетесиң, ага чейин жөн отур” деп жооп берди.

Байкесинин үйүнө жеткенде, ал мен тарапка чуркап чыгып, эшикти ачып, унаадан чачымдан тартып сүйрөп чыкты. Башка бир нече жолу тепкенде эс-учумду жоготтум.

Өзүмө келгенде байкесинин үйүндө жатканымды түшүндүм. Мени зордуктап жатыптыр. Анын досу дагы бар экен, ал дагы мени зордуктады. Эс-учумду кайра жоготтум.

Экинчи жолу өзүмө келгенде жанымда байкесинин үй кызматкери турду. Ал мага өз кийимин жаап, денемдеги канды тазалап жатыптыр. Мен ага “токтот, полиция чакырып бер” деп сурандым. Көп өтпөй тез жардам кызматы келип, мени ооруканага алып кетти.

Дарыгерлер жатыныңды алышыбыз керек, антпесе болбойт деп түшүндүрүштү. Мени катуу сабашыптыр. Ооруканада жатканымда сот мени зордуктаган жигитке күрөө коюптур. Ал аны төлөп, эркиндикке чыгып, шаардан качып кеткен экен.

Полиция аны тогуз айдан кийин кармады. Мен көчөгө чыккандан коркуп жашадым. Ал сегиз жылга соттолду, 2017-жылы рак илдетинен түрмөдө өлдү.

Анын өлгөнүн укканымда, жети жылда биринчи жолу коркпой басып калдым. Анын досунун соттук жыйындарына катыша алган жокмун. Бир соттук териштирүү жетиштүү болду.

Корконумдан ата-энемдикине көчүп киргем, балдарыма бир нерсе кылып кетет деп түнү менен уктабай чыкчу элем.

Мисалы, жыландан корксоңуз, бардык жыландан коркосуз. Анын кайсынысы уулуу экенин деле карабайсыз. Ошондуктан бардык эркектен корком. Азыркыга чейин эркектер менен жалгыз кала албайм. Албетте, муну ачык көрсөтпөйм, бирок ичимден аябай корком.”

“Он жыл өтсө дагы балдарым үчүн корком”

“Психологиялык жардам алдым. Бирок кызымдын келечегинен корко берем. Зордукталгандан кийин кызым андайдан өтпөсө экен деп көп ойлоном.

Ошондуктан балдарыма коопсуздук тууралуу көп айтам. Аларга каалаган учурда мага келгиле, каалаган учурда менден сурагыла, эч тартынбагыла деп көп айтам.

Балдарымдын коопсуздугуна ашыкча көңүл бурдум. Аларга уюлдук телефон сатып берип, ар бир кадамын көзөмөлдөп турдум. Мүмкүнчүлүк болсо, алар барган жерге ээрчип барып жүрдүм.

Түштүк Африкада кооптуу деп ойлойм. Полиция аялдарды, балдарды коргой албайт. Айрымдар “болгону болду, алдыга карайлы, позитивдүү бололу” деп сүйлөйт. Ал маселени чечеби? Жок, позитивдүү болуп койгондон кийин эле көйгөй чечилип калбайт, аялдарга карада зомбулук токтобойт.”

Түштүк Африкадагы абал башка мамлекеттерге салыштырганда кандай?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Түштүк Африкада 100 миң аялдын 12,5 зомбулук менен өлтүрүлөт. Дүйнөдөгү 183 мамлекетте бул көрсөткүч 2,6 түздү.

Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасында коопсуздук кызматкерлери аялдарга жасалган зомбулук жөнүндө көп учурда билбей калаарын жана мындай окуялар жашыруун өтөрүн айтат. Демек, мындай кылмыштар айтылган статистикадан бир нече эсе көп болушу мүмкүн.

Аялдар кабылган зомбулукту салыштырып анализдөө абдан татаал. Себеби кылмышты каттоо системасы ар бир мамлекетте айырмаланып турат. Айрым өлкөлөрдө мындай кылмыштар боюнча маалымат алуу мүмкүн эмес.

Ошол эле учурда аялдарга жасалган зомбулук көп учурда катталбай калат.

Булак: www.bbc.com