15-сентябрда болжол менен саат 19:00дө Шамалган станциясында «Алматы-Костанай» багытында бара жаткан автобус менен поезд сүзүшкөн. Анын кесепетинен автобустун айдоочусу каза болуп, үч киши ар түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Автобуста 67 жүргүнчү болгон. «Автобустун айдоочусу сигналга карабай, темир жолго чыгып кеткен. Натыйжада поезд автобусту сүзгөн», – деп маалымдайт Казакстан Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги.

Полиция «Жол кыймылын же транспорттук каражатты колдонуу эрежесин бузуу» боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштады.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасы аркылуу каза болгон айдоочунун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: