Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-сентябрда, Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды.

Жолугушуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата болду. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 30 жылдыкка карата өткөрүлө турчу майрамдык иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасындагы чараларды ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күнүмдүк турмушундагы мамлекеттик тилдин өзгөчө ордун белгилеп, тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана пайдалануу менен чектелбей, баардык тармакта кеңири пайдалануу зарылдыгын эске салды.

Кыргыз тилинин кадыр-баркын өнүктүрүү, коомдун бардык чөйрөлөрүндө, өзгөчө мамлекеттик башкаруу системасында кеӊири колдонуу абзел. Илим, билим, маданий жана экономика тармагында мамлекеттик тилди тереӊ киргизүү – негизги милдетибиз”, – деди Президент.

Мамлекет башчысы акыркы мезгилде коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Президент латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин айтты.

Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек”, – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: