Кемин районунун Чым-Коргон айылында балдарын жалгыз бой баккан 100 үй-бүлө үйлүү болушту. Социалдык шаарчада  ФАП, дүкөн, футбол аянтча, мечит, айымдар үчүн 25 орундуу тигүү цехи бар.

Жалгыз бой эне жана жесирлер үчүн берилген үйлөр “Ас-Сафа-борбору” коомдук бирикмеси тарабынан 97 400 000 сомго салынган.

Социалдык объект Чым-Коргон айыл өкмөтүнө кайтарымсыз берилди. Кемин районунан жетишсиз 100 үй-бүлө тандалып алынган. 25 үйдүн ар биринде 4 батир бар. Бир батир үч бөлмөдөн туруп, ар биринин ичине эмеректер дагы орнотулган.

“Ас-Сафа-борбору” коомдук бирикмеси “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында президенттин буйругун колдоо максатында долбоорду ишке ашырды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: