Интернет тармагында кызуу талкууга алынган №6 кичи автобустагы окуучунун сүрөтү Кыргызстанда тартылган эмес. Бул тууралуу ЖКККББ билдиргенин Кактус.медиа жазды.
Жаш баланын маршруткада кысылып бара жаткан сүрөтү Ысык-Ата районундагы Кант шаарында тартылганы айтылып жаткан.
Ички иштер министрлигинин ЖКККББ өлкөдөгү бардык маршруттук таксилерди текшерип, Кыргызстанда №6 маршруттагы каттам жок экендигин аныкташкан.