Талас шаарында Улуттук көчмөндөр оюндарынын ат оюндары өтө турган ипподромдо курулуш иштери толугу менен бүтө элек. «Азаттык» сайты жазгандай учурда таман таш (брусчатка) төшөлүп, ат майданда отургучтар коюлуп жатат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурпери Садырбекова ипподромдо ат оюндары саат 10:00дө башталары пландалып, курулуш иштери бүтө элек болуп жатканына байланыштуу 16:00гө жылдырылганын кабарлады:

“Спорттук мелдештерге биздин спортчулар даяр. Калыстар да ошол жерде. Негизи программа боюнча мелдештер эртең менен башталмак. Бирок көрүүчүлөргө толук шарт түзүлбөгөндүктөн 16:00гө жылдырылды. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик «оюн өтчү жерди спортчуларга ушул убакытка даярдап беребиз» деди,-деп билдирет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: