Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылынын ички жолдору оңдолуп, жол толук асфальтталды. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Айбек Кожошов билдирди.

Маалыматка караганда, аталган аймактын Чат –Карагай-Казарман унаа каттаган негизги жолдору камтылып, жалпы 1,5 чакырымы жасалган. Ал №18-Жол тейлөө ишканасы тарабынан бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Жолду жасоого жалпы 5 500 000 сом жумшалган.

Тогуз-Торонун акими “Жол – экономиканын күзгүсү жана кан тамыры. Мындан улам башкы милдеттин бири – салынып жаткан жолдордун сапатына өзгөчө маани берүү”,-керек экенин кошумчалап, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында Казармандын ички жолдору оңдолуп, айрымдары бүткөрүлүп четинен колдонууга берилип жатканын кошумчалады.