Шаршенбек Абдыкеримов өзү тууралуу чыккан макала боюнча даттанды

145

“Аю” компаниясынын кожоюну, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга кайрылып, “Жаңы Ордо” гезитиндеги макалага баа берүүнү өтүндү. Даттануу 16-сентябрда жолдонгонун аталган комиссиядан кабарлашты.

“Шакинин канаты жакынкы күндөрү кайрылабы?” деген автору жазылбаган чакан макала, гезиттин 2019-жылдын 6-сентябрындагы санына чыккан. Арыз ээси аталган макалада “Шаршенбек Абдыкеримов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каржылык жактан көмөк көрсөтүп жүргөнү” жөнүндө такталбаган маалыматтар жазылган деп эсептейт.

Журналисттердин этикалык комиссиясынын отурумдарына Абдыкеримовдун атынан “Аю Холдинг ассоциациясынын” аткаруучу директору Акылбек Кунакунов ишенимдүү өкүл болуп катышмакчы.

“Жаңы Ордо” гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев ушундай макала чыкканын “Азаттыкка” тастыктап, комиссияга жазылган арыз менен таанышкандан кийин комментарий берерин айткан.

Булак: www.azattyk.org

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь