Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды.

Өкмөт башчыга жабыр тарткан жарандардын саламаттыгы тууралуу маалымат берилди. Мухаммедкалый Абылгазиев жабыркагандарга сакайып кетүүлөрүн каалоо менен, мамлекет тарабынан бардык зарыл жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн убадалады.

Өкмөт башчы ошондой эле жапа чеккендердин жакындары жана туугандары менен сүйлөшүп, чек ара маселесин чечүү жана кырдаалды басаңдатуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.

Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө Жогору Кеңештин жана Өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлмөкчү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: