Улгайган аялды “сасып жатасың” деп троллейбустан түшүрүп салган айдоочу коомчулуктан кечирим сурады. Бул кылыгы үчүн өкүнүп жаткандыгын айтып, ага сабак болгондугун белгиледи.
” Кош бойлуу келин салондо жагымсыз жыт жыттанып жаткандыгын эки жолу айтты. Барсам чын эле мага жагымсыз болду, мен чоң энени чыгарууга аргасыз болдум. Кылган кылыгым үчүн кечирим сурайм“,- деди айдоочу.
№11 троллейбустун айдоочусу А. Берикбаев Эмгек кодексинин 83-беренесине ылайык жумуштан алынганын шаардык троллейбус башкармалыгынан билдирген.