Ысык-Көлдө катуу шамалдан жабыркап, ооруканага түшкөн Мирлан каза болду. Бул тууралуу райондун акими Акылбек Тюкебаев билдиргенин “Турмуш” басылмасы жазды.

Дарыгерлер буга чейин Мирландын абалы оор экенин жана башынан катуу жаракат алып, эки кабыргасы сынганын билдиришкен. Акимдин айтымында, Мирлан кечээ, 16-сентябрда саат 15:00 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей, каза болду.

«Ак-Суу райондук администрациясы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу менен бирге 5000 сомдук материалдык жардам көрсөттү. Мындан тышкары облустук администрация тарабынан дагы жардам көрсөтүлөт», – деди аким.

Т.Мирлан 1986-жылы Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында туулган, 3 кыздын атасы. Кирпич заводдо атасынын ордунда 3 айдан бери иштеп жаткан.

10-сентябрда саат 20:30 чамасында Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун аймагында катуу шамал катталган. Анын кесепетинен бир катар үйлөрдүн чатырлары учуп, Ак-Суу району 10 млн сомго чыгым тарткан. Ошондой эле кыш заводдо эки адам жабыркап, бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кароолчу болуп иштеген Мирлан башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: