ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев Баткен облусунда коопсуздукту өзү көзөмөлдөп жатат.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министр ички иштер органдарынын өздүк курамы менен биргеликте мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участкасында абалды жөнгө салуу маселесин талкуулап, коомдук тартипти камсыздоо менен жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды койду.

Ошондой эле, чек арадагы абалды курчутууга жол берилбей тургандыгын жана калыс иликтөө жүргүзүү керектигин белгиледи.

Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Милиция кызматкерлери күнү-түнү чек арага чектеш аймакта күзөттө болушат.

Азыркы убакта милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участкасында абал туруктуу.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: