16-сентябрда Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 41 жаштагы кыргызстандык чек арачы каза болду. Равшан Муминов 1978-жылы Ташкент шаарында туулган.  Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Маркум Муминов кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатометтон аткылоосунан көз жумган. Кыргызстандын чек ара кызматы курман болгон “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына көңүл айтты.

Буга чейин маалымдалгандай тажик тарап биринчи ок чыгарган. Бир канча куралдан Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок чыгарган.

Ок атышууда жалпы 6 чек ара кызматкери ар кандай жаракат алды. Алардын экөөсүнүн абалы оор.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: