14- сентябрь күнү Ат-башы районунун Ак-Муз айылына жакын жерде кишинин жансыз денеси табылган. Кийинчирээк ал Нарын районунун тургуну Токторбай Муканбетов экени аныкталган.

Ат- Башы райондук ИИМ бөлүмүнүн тергөө тобу Токторбай Муканбетовдун өлүмүнө шектүү катары Ат-Башы райондук Өзгөчө Кырдаалдар башкармалынгынын мурдагы башчысы Асанбек уулу Бакытты (Бакыт Мокешов) кармашат.

Бирок 16.09.2019-жылы Ат-Башы райондук прокуратурасы тарабынан шектүүгө бөгөт коюу чарасы каралып (297-берене) Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси менен Нарын шаардык сотуна жиберет. Нарын шаардык соту шектүү А. у.Бнын бөгөт коюу чарасы каралып шектүү үй камакка чыгарылган.

Окуя кандайча болгон?

Маркум Токторбай Муканбетовдун жубайы Исабекова Азиманын айтымында караганда, экөө 3 жылдан бери Ат- Башы райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын мурдагы башчысы Асанбек уулу Бакыттын малын бакчу. 13- сентябрь күнү Асанбек уулу Бакыт менен каза болгон күйөөсү Ат-Башы райнонунун базарынан жолугушкан . Малчы кожоюнунун эки бээсин жоготуп алганын, айлык акысынын эсебинен төлөп берээрин айткан. Кечинде Асанбек уулу Бакыт малчынын үй бүлөсүн сарайга жиберип Токторбай Муканбетовду машинасына салып кеткен. Ошол бойдон маркумдун жансыз денесин жолдон таптык деген кабар алган.

Башы жарылыптыр, кубалап артынан сүзгөн өңдү. Бели көпкөк, буту-колу быркырап сыныптыр. Башынын артына кара кушка сөөмөйдөй темирлер кирип кетиптир башынын формасы жок

Маркумдун жакындары мыкаачылык менен өлтүрүлгөн деген арыз жазганы менен үй камагына чыгып кеткенине нааразы болушууда.

Ат- Башы РИИбинин башчысы Бакыт Сыдыкбеков бул боюнча төмөнкүдөй комментарий берди. “ Бул жерде иликтөө иштери жүргүзулдү, күбөлөр суралды. Окуя болгон жерде кылмышка шектүүнүн 3-класс баласы болгон. Бул транспортко байланыштуу эле кылмыш. Биздин иликтөө боюнча экөө унаада баратып жол кырсыгына кабылат. Айдоочуга карабай унааны катуу айдаганда маркум секирип кеткендиктен башы менен ташка тийип каза болгон

Бирок автокырсык Ат-Башыда эмес Нарын районунун Кара чий аймаганда болот. Бул кылмышты жаап жашыруу аракетин көрүп жаткандан кабар берет дейт маркумдун жакындары.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: