Президент Жээнбеков бир элчи, эки консулду дайындады

65

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Чынгыз Эшимбеков  мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Ошондой эле Калдарали  Маматалиев Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

Мындан тышкары Президенттин башка Жарлыгына ылайык, Бообек Салимжанов Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан бошотулуп, анын ордуна Руслан Бийбосунов дайындалды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь