Садыр Жапаровдун уулу менен бирге кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыкты

80

Садыр Жапаровдун уулу Дастан менен бирге кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маркум Дастандын артында учкашып бара жаткан 21 жаштагы К.Д. ооруканадан үйүнө 5-сентябрда чыгып кеткен. Учурда абалы канааттандырарлык.

Эске салсак, мотоциклде бара жатаып кырсыкка кабылган 27 жаштагы Дастан Садыр уулу 26-августта эртең менен ооруканада көз жумган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь