Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада түзүлгөн абал боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү.

Мамлекет башчысы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын баса белгиледи.

Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти. Ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону дагы бир жолу белгиленди.

Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын айтып, жаракат алган жарандар зарылдыгына жараша Бишкек шаарындагы ооруканаларга алып келине турганы белгиленди.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керек.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: