Талас шаарынын Р.Алканов атындагы ат майданында өткөрүлүп жаткан көк-бөрү оюнунун биринчи күнүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлады.
Алгачкы күн Ош-Нарын 12:0, Бишкек-Ысык-көл 5:4, Чүй-Баткен 12:2 эсебинде жыйынтыкталды.
Чучукулактын негизинде көк-бөрү оюнунда 9 команда ат салышууда. Алар үч топко бөлүнгөн.
Оюндардын жүгүртмөсү:
«А» тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;
«В» тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;
«С» тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары.
17-сентябрга карата программа:
10:00-11:30 – Талас – Нарын;
11:30-13:00 – Жалал-Абад – Ыссык-Көл;
13:00-14:30 – Ош шаары – Баткен.