Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыккан чырдан эки аскер кызматкери, Максат айылынын алты тургуну жана 2005-жылкы бир бала жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.

Жабыркагандар тез жардам аркылуу Кулунду жалпы дарыгерлек-практикалык борборуна жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң Лейлек аймактык ооруканасына жөнөтүлдү. Жабыркаган жергиликтүү тургундардын абалы жакшы, бир чек ара кызматкери башынан жарадар болгон, абал өтө оор. Экинчи чек арачынын да абалы абдан оор, ок тийген“, – деп айтылат маалыматта.

Учурда Максат айылында жалпысынан төрт тез жардам кызматы иш алып барып жатат.

Лейлек аймактык ооруканасынан дарыгерлер тез жардам унаасы менен окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Баткен облустук ооруканасынан хирург, травматолог, реаниматолог реанимобиль менен Лейлеке жөнөп кетти. Жабыркагандар дары-дармек, керектүү медициналык жабдыктар менен толук камсыздалып жатат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: