Абылгазиев каза болгон чек арачынын тажиясына катышты (видео)

95

Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Чек арачыны акыркы сапарга узатууга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Р. Муминовдун кесиптештери катышышты.

Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ал маркумдун үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтып, мамлекет аларды тийиштүү көңүл буруусуз жана кам көрүүсүз калтырбай турганын баса көрсөттү.

Маркум Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогору Кеңештин жана Өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды

Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.Чек арачыны акыркы сапарга узатууга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Р. Муминовдун кесиптештери катышышты.http://www.gov.kg/?p=137897

Опубликовано Кыргыз Өкмөтү Вторник, 17 сентября 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь