“Тажикстан курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду”. Бул тууралуу Баткен облусундагы Лейлек районуна барып келген ЖК төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров билдирди.

 Эл аралык тажрыйбага ылайык талаштуу, такталбаган мамлекеттик чек ара тилкелери өзгөчө макамга ээ. Андай тилкелерге социалдык жана башка мекемелердин курулушун жүргүзүүгө болбойт. Ал эми Тажикстан курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду”, – деди төраганын орун басары.

Тиешелүү мыйзамдарды жана мурда кабыл алынган Жогорку Кеңештин айрым токтомдорун аткаруу маселесин көтөрүп чыгууну көздөп жатканын айткан Мирлан Бакиров: “Башкысы мамлекеттик чек аралардын делимитация жана демаркация маселелерин чечүүнү тездетүү зарыл”,– деди. Муну менен катар бардык бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу керектигин кошумчалады.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: