Курман болгон аскерлерге депутаттар эки күндүк айлык маянасын бөлөт

72

Бүгүн саат 14:00дө Жогорку Кеңештин жалпы жыйында өкмөт башчы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча маалымат берет.

Депутат Кожобек Рыспаев Кой-Таш окуясында жана кыргыз-тажик чек арасында кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон эки аскердин жакындарына эки күндүк айлык маянасын бөлүп берүүнү сунуштады.

Төрага бул сунушту колдоорун белгилеп, эл өкүлдөрүн кол топтоого чакырды.

Ал эми чек арага байланыштуу жалпы токтомдордун аткарылышы кийинки жумада кененирээк баяндала турган болду.

Маалымдай кетсек, Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминов 16-августта чек арадагы ок атышуудан 41 жашында каза болду. Ал эми 7-августта Кой-Таштагы окуяларда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь