Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

64

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирди.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жалпысынан 5 өткөрмө жайы иштейт. Анын ичинен төртөө күнүмдүк тартипте иштеп жатат. 17-сентябрь күнү “Кулунду – автоунаа жол” көзөмөл өткөрүү жайында тажик тарап Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Башка өлкөнүн жарандары ал өткөрмө жайынан эч кандай тоскоолдуксуз өтө алышат.

Чек ара кызматынын чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь