Мас абалда инспекторлорго кармалган айдоочу жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Кадырбаевичтин атын атап, жоопкерчиликтен качууну көздөгөн. Керек болсо инспектор жумушунан айрылып калаарын айтып коркуткан.

Ыманалы Сарткулов бейбаштык кылган айдоочуну кабыл алып, бетме-бет көрүштү.

“Керек болсо өзүмдүн балдарымды менин кызматымды колдонбогудай тарбиялагам“, деп кайрылды мыйзам бузуучуга.

Саркулов бул жигит тууганы түгүл жада калса тааныш эместигин тастыктады.

Эрежени бузган айдоочуга мыйзам чегинде 17500сомго айып пул төлөө протоколу түзүлгөн.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: