Пирматов: Тажик өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү таптакыр сөзгө келбей жатат

99

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу делимитация жана демаркация процессин баштап бүтүрүү дейт. Бул Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттөр аралык комиссиянын компетенциясы, себеби комиссиянын гана чечимдери юридикалык күчкө ээ.

” Тилекке каршы тажик өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү сөзгө келбей, бизге таптакыр туура келбеген шарттарды айтып , компромисске келүү абдан татаал болууда. Түзүлгөн кырдаалда болгон рычагдарды колдонбоо – өтө туура эмес жана жада калса кылмыш деп эсептейм! Ал рычагдардын эң негизгиси – Баткен областы аркылуу Тажикистанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу! Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап , демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө турушу керек! Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга -тез арада эрки жетет деп ниеттенели“,-деп жазды Исхак Пирматов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь