17-сентябрда Тажикстандын тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү чакыртылган. Анда 16-сентябрда кыргыз тажик чек-арасындагы эки өлкө жарандарынын ортосунда болгон жаңжал туурасында сөз болгон. Бул туурасында тажик тараптын тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Жолугушуу учурунда тажик тарап Кыргызстандын учурдагы кадамдары келишимдерге ылайык келбейт, жана делимитация боло элек аймакка курулуш иштерин баштоого укуктуу эмес деп айтылган. Мындан сырткары кыргыз тарап жаңжал чыккан жерге 250-300 кишиден турган күч структурасын тартып, Тажикстандын Бахор айылынын жөнөкөй тынч жашап жаткан жашоочуларына ок атышкан деп айыптаган. Буга байланыштуу тажик чек ара кызматы ишке аралашкан деп билдирилет.

Тажик тарап Кыргызстанды буга чейин түзүлгөн келишимдерди, жана июль айында Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун жолугушуусундагы макулдашууларды одоно бузду деп билдирет. Буга ылайык кыргыз чек арачыларына ар-кандай чайкоочулук азгырыктарга алдырбоо өтүнүчү менен кайрылгандыктарын айтышат.

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги бул фактыларга таянып кыргыз тарапка нааразылык нотасын тапшырды.

Эске салсак 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен жаңжал чыккан. Кыргыз мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Окуя Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат жана Сай чек ара постунда болгон. Акыркы маалыматтар боюнча ок атышуу учурунда кыргыз чек арачысы Равшан Муминов каза болуп, 13 адам жаракат алган. Тажикстан ММКлары 3 адамдын каза болгонун жана 5 жаракат алгандар тууралуу кабарлайт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: