Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров азыркы тапта Лейлекте абал турукташа баштаганын айтып: “Жергиликтүү эл менен жолугушканыбызда Тажикстан чек арачылары биринчи ок чыгарганын айтышты. Алар Максат айылындагы мектепке карай ок атышкан. Ошондой эле тургундар тажик тарап мурдатан эле даярданып, чек арага жакын атайын техникаларды алып келип баштаганын билдиришүүдө”, – деди.

Буга кошумча депутат окуяда жабыр тарткандарга жана каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогорку Кеңештин атынан материалдык жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады.

Эске салсак, чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жана Аида Касымалиева, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов жана Таабалды Тиллаевдер Баткен облусунун Лейлек районуна барып келишти. Эл өкүлдөрү Максат айылынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү ооруканада дарыланып жаткандардын абалы менен таанышты. Ошондой эле окуяда каза болгон “Бөрү” атайын адистештирилген отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун жакындарынан кабар алышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: