УКМК төрагасы мамкомиссияга «өтө жашыруун» делген маалыматтарды тааныштырды

90

7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү.

Кезектеги жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтарды тааныштырды.

Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевди, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу чечими кабыл алынды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь