Чүй районуна караштуу Маданият, Кош-Коргон, Кара-Дөбө, Восточное айылдарынын жолдоруна шагыл төгүлдү. Аны менен катар Восточное айылына көпүрө салынып, жайытка мал айдап өтүүгө ылайыкталган жол салынды.
Бул иштер учурда “Ак-Түз” фабрикасында иш жүргүзүп жаткан “ТИ Майнинг” компаниясы тарабынан жасалууда. Аталган компания жол оңдоо иштеринен тышкары арыктарды оңдошкон. Бул иштерге жалпысынан 2 млн сомдон ашуун каражат корогон.
Элеттиктер “ТИ Майнинг” компаниясынын мындай камкордугуна ыраазычылыгын билдирип жатышат.
Эскерте кетсек “ТИ Майнинг” компаниясы учурда “Ак-Түз” фабрикасында ишмердүүлүк кылат. Аталган фабрикада 300дөн ашуун жумушчу эмгектенет. Алардын дээрлик 90 пайызы ошол эле Чүй жана Кемин районунун жашоочулары. Айлык маяна туурасында айтсак орто эсеп менен 25-30 миң сомду түзөт.
Ильичбек Исаков, Нурбек Ахунбаев- Ильич айылынын тургундары