Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Тыныбекова жарым финалдык беттеште Түндүк Кореянын балбаны Ёнг Сим Римди 7:0 эсебинде утту.

Кыргызстандык спортчу 62 килограммга чейинки салмакта үч жолу килемге чыгып, биринчи кармашында мексикалык балбан кызды жеңсе, андан кийинки таймашта жапониялык спортчуну уткан. Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач-Остапчукту 9:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Белгилей кетсек, Тыныбекова келерки жылы Токиодо өтөт турган Олимпиада оюндарына жолдомо ала алды.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: