Россиянын президенти Владимир Путин эртең, 20-сентябрда Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Бул тууралуу Риа Новости жазды. Басылманын маалыматында, эки өлкөнүн башчылары Оренбург областында “Борбор-2019” аскердик машыгууга катышат. Мындан тышкары эки тараптуу жумушчу жолугушуу өткөрүшөт.
Россиянын лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, окутууга 128 миң аскер, 600 учуучу аппарат, 15 кеме катышат.