Камчы Көлбаев кайсы иш боюнча көрсөтмө берип жатканы айтылды

125

Кримтөбөл Камчы Көлбаев алдамчылык жолу менен тартып алынган Жайылдагы заводго байланыштуу иште күбө катары көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын маалымат кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 2-июнунда И.З. аттуу жаран Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Анда ал 2007-жылы Жайыл районундагы заводдордун бирине ири суммадагы акчасын салып, кийин капиталдын 45%на катышуучу негиздөөчүлөрдүн бири болгон.

2018-жылы заоддун негиздөөчүлөрү жабырлануучунун катыштыгы жана макулдугу жок Бишкектеги банктардын биринен насыя алган.

Бул факт “Алдамчылык” беренеси менен катталып, тергөө иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө арыздануучу өзүнүн шериктеринин бири коркутуп баштаганын билдирип, Кыргызстандагы белгилүү А.К. (Камчыбек Асанбек- Камчы Көлбаев) атын атаган. Буга байланыштуу Көлбаев райондук милицияга күбө катары суракка чакыртылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Камчы Көлбаев жана негиздөөчүлөр менен бетме-бет жолугуу өткөн. Анда алар арыздануучунун коркутуп жатат деген дооматын четке кагышкан.

Тергөө уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь