Карыяны өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу “Коопсуз шаар” камерасы аркылуу табылды

77

15-сентябрда Аламүдүн районунун Маевка айылында 72 жаштагы карыяны өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Ал окуя болгон жерден качып кеткен болчу.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиргендей,  «Коопсуз шаар» камерасынын жардамы менен унааны аныкташып, кылмышка шектүү катары 54 жаштагы А.К. аттуу айдоочуну кармашты.

Шектүүнүн унаасы айып короого киргизилип, айдоочу Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь