Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссия менен иштешүүдөн баш тартты

115

Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча комиссия менен иштешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу комиссиянын 19-сентябрдагы жыйынында айтылганын “Азаттык” жазды.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгон окуя боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев маалымат берип жатат. Бүгүнкү жыйынга ЖК депутаты Ирина Карамушкина дагы чакырылган.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь