Кой-Ташта Кашкар Жунушалиев эки ирет Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирген

91

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев мурдагы президенттин үйүнө жасалган атайын операциянын учурунда эки ирет Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирген. Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын жыйынында ИИМнин башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев билдиргенин “Вести.кг” жазды.

Ал ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кайсы маалда сүйлөшүүгө киргени жөнүндө маалыматы жок экенин кошумчалады.

Министр сүйлөшүүгө эки ирет кирген. Асановго сүйлөшүүгө кирүүгө ким уруксат бергенин айта албайм. Ал өзүнүн демилгеси менен кирген“,- деп ишендирди Орозалиев.

Мындан сырткары, Курсан Асановдун ордуна келген ИИМнин башчысынын жаңы орун басары Памир Асанов, Асановдун Атамбаев менен сүйлөшүүгө киргендеги аракеттерине өз баасын берди.

Ал Атамбаевдин үйүнө киргенде куралын кайрадан октоп, контролдук атуу жүргүзө баштаган. Асанов мындай кылбашы керек эле, анткени, андан кийин тергөө группасы бармактардын изин ала албай калды“,-деп белгиледи министрдин орун басары.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь