Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул документтер мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салууга жана  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун ролун күчөтүүгө багытталган. Учурда Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду иштеп жаткан 98 мамлекеттик ишкана менен иш жүргүзөт.

Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайрадан уюштуруу, жоюу, башкаруу органдарынын компетенциясын жана ыйгарым укуктарын конкреттештирүү, мамлекеттик органдардын мүлктүк абалын деталдаштырууну жөнгө салууга багытталган.

Мындан тышкары мамлекеттик ишканаларда финансылык дисциплинаны күчөткөн, мамлекеттик мүлктү үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган, жетекчинин мамлекеттик ишкананын түзүүчүсүнүн алдында көзөмөлдө болуусун жана отчет берүүсүн белгилеген бир катар ченемдер киргизилген.

Ушуну менен бирге Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлердин резервин түзүү тартибин белгилейт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: