Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация боюнча комиссияга макам берүү сунушталууда. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал белгилегендей, чек ара боюнча комитет же агенттиктин статусун берүү демилгеси айтылды.

Бүгүнкү күндө биздин 405 чакырым такталбаган чек арабыз бар. Алар башка картанын негизинде бул жер биздики деп айтып жатат. Кыргызстан башка жылдагы картанын негизинде биздики деп талаш-тартыш болуп келатат. Өкмөт чыр болуп жаткан жерде алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес. Анткени чыр былтыртан баштап келатат. Акыры ок атышуу менен аяктап жатат. Биздин комиссия начар, оперативдүү иштебегенин мойнубузга алышыбыз керек. Маалыматтар жетишсиз, контраргументтер жок. Парламент жыйынында комиссияга макам берүү маселеси көтөрүлдү. Ал агенттик же комитет болобу, азырынча билбейм. Ал чек ара маселеси боюнча гана иштеши керек“, -деди ал.

Баткендеги чек ара чатагына байланыштуу Кыргызстан тараптан Тажикстанга оор артиллерияларды колдонгондугу боюнча доомат коюлду. Бүгүнкү күндө Дүйшөнбүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чакан топ чыгып кеткен.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште депутаттар кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя боюнча өкмөттүн маалыматын жабыш эшик артында угууда.

– 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: