Социалдык тармактын колдонуучусу Айсалкын Карабаева “Өз кызына кордук көрсөткөн милиция кызматкери жоопко тартылбай жатат. Бул тууралуу наристенин апасы арызданууда” деп жазып чыккан.

Ош ШИИБи аталган фактыны тастыктады.

Белгилүү болгондой, 1989-жылы туулган О.Т аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 31-май күнү Кара-Суу районунун Мады айылында жолдошу автоунаасында 2 жашар кызын себепсиз уруп, денесине жараат келтиргендигин билдирип, ага карата чара көрүнү суранган.

Тергөө учурунда кызына кол көтөрдү делген ата Кара-Суу РИИБде милициянын участкалык уполномоченныйы болуп иштегендиги такталган. Окуя болгон учурда ал үй бүлөлүк шартына байланыштуу өз арызы менен ички иштер органдарынын катарынан бошоп кеткендиги белгилүү болгон. Үй бүлөлүк пикир келишпестиктен улам ачууга алдырып ошондой окуяга туш болгондугун билдирген.

Бул факт “Денеге залал келтирүү” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары аяктап сотко жөнөтүлүү алдында турат.

Ошондой эле Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Натыйжада милициянын подполковниги Ж.С. жана милициянын майору О.Э. ички иштер органындагы кызматкерлеринин дарегине негиздүү сын-пикирлердин жаралышына шарт түзгөндүктөн, тартиптик жаза берилди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: