«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар инсандар мамлекеттик сыйлыктарды алды.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Сыйлыктарды тапшыруу аземине алардын балдары катышты.

Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш ж. б. тармагынын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылды.

Сыйлык алуучулардын арасында бир катар чет элдик жарандар дагы бар.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: