30 жаштагы Алтынай Кабулова жолдошу менен баш кошкондон бери бала жытына зар болуп келген. Тагыраагы 12 жылдан бери барбаган ооруканасы, көрүнбөгөн дарыгери калган эмес.
Бактыга жараша тилеги орундалып, ушул жылдын 16-сентябрь күнү Бишкектин №6 төрөт үйүндө үч эм төрөдү. Учурда көз жарган эненин да, балдарынын да саламаттыгы жакшы.