Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен, тактала элек аймакка баштаган курулушун токтотуп, бузмай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров билдирген. Анын айтымында, тажик тарап сүйлөшүүгө ылайык жакынкы 20 сааттын ичинде баштаган курулуштарын кайра бузушу керек.

Кыргыз тарап чек арадагы чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, “такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады” деп айыптап жатат.

Эки өлкөнүн төрт аскер кызматкери каза болгон окуядан кийин 17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөшкөн.

Булак: “Азаттык”

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: